Орусиялык саякатчы Федор Конюхов аба шарына түшүп жер жүзүн айланып келүүгө аттанды. Ал саякатын Австралиядан баштайт. Конюхов эки жума ичинде 35 миң километрди учуп өтүүнү пландаганын ТАСС агенттиги кабарлады. Анын учуусу 5-10 километр бийиктикте болот жана Тынч окенын, Атлантика океанын, Түштүк Америка, Түштүк Африка жана Индиянын үстүнөн өтмөкчү. 2002-жылы ушул каттам менен америкалык саякатчы Стив Фоссет аба шарында учуп өтүп, рекорд орноткон эле. Анын саякаты эки аптага созулган.
Орусиялык саякатчы Конюховго аба шарын Cameron Balloons уюму даярдап берген. Ал буга чейин кырктан ашуун саякаттарды жасаган. 2005-жылы 27 метрлик яхтасы менен жер жүзүн 188 күндө айланып чыккан эле.