Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Баткенде милициянын ур-тепкисине кабылган окуя боюнча кылмыш иши козголо элек


Мындай маалыматты Кадамжай райондук прокуратурасынан “Азаттыкка” билдиришти. Өрүкзар айылында болгон бул окуя 30-июнда милициянын каттоосуна алынган. Жабырлануучунун ата-энеси райондук прокуратурага арыз менен кайрылган. Бирок прокуратурадан билдиришкендей, экспертизанын чечимдери толук чыга электигинен кылмыш иши азырынча козголгон жок.

12-июлда Акыйкатчынын Баткен облусундагы адиси менен Кыйноолорго каршы улуттук борбордун адиси жабырлануучудан кабар алышып, окуя болгонуна бир топ убакыт өтсө да кылмыш ишин козгоо кечиктирилгенин сындашты.

3-июнда Кадамжай районунун 35 жаштагы тургуну эки бөйрөгү жабыркап, ичегиси эки жеринен айрылган абалда ооруканага түшкөн. Ал мас болуп калганын жана аймактык тескөөчү аны бөлүмгө алып барып сабаганын айтууда. Милиция кызматкерлери муну танып жатат. Факт боюнча атайын иликтөө башталганын, күнөө далилденсе айыптуулар жазага тартыларын милициянын облустук башкармалыгы кабарлады. Жабырлануучунун туугандары 11-июлда Кадамжай райондук милициясынын алдына чогулуп, ур-тепкиге алган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG