Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Канада соту Кыргызстанга каршы төрт доо арызды канааттандырган жок


"Кумтөр" алтын кени
"Кумтөр" алтын кени

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту төрт компаниянын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы берилген доо арыздарын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 28-29-июнунда Онтарионун Жогорку сотунда түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi жана Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компанияларынын, канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун арыздары териштирилди. Арызда алар Centerra Gold Inc. компаниясында үлүшү бар “Кыргызалтындын” акцияларынан Кыргызстан пайда алып турганын таануу, өлкөгө каршы чыгарылган арбитраждык чечимдерди аткаруу үчүн акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

11-июлда Онтарионун Жогорку соту тараптардын пикирлерин карап чыгып, бардык доо арыздарды канааттандырбоо чечимин кабыл алды. Канаданын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, соттун өкүмүнө макул болбогондор кайра доо арыз жолдосо болот.

2011-жылдын апрелинде Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi компаниясы Канада сотуна кайрылып, “Ак кеме” мейманкасына байланыштуу иш боюнча арбитраждык чечимди аткаруу үчүн “Кыргызалтын” ишканасынын Centerra компаниясындагы акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

2014-жылдын октябрында жана 2015-жылы Онтарио сотуна ушундай эле доомат менен Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компаниясы, канадалык Stans Energy Corp. компаниясы жана Латвия жараны Валерий Белоконь кайрылган. Сотто “Кыргызалтындын” кызыкчылыктарын Baker&McKenzieLLP юридикалык компаниясы коргоп жатат.

XS
SM
MD
LG