Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Лейлекте сел жүрдү


Лейлек районунда кечээ кечинде нөшөр жаандын айынан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Актерек айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 320-чакырымы убактылуу жабылып, сел агымы токтогондон кийин кайра ачылган. Мындан тышкары айылдагы 20 турак үйдүн короосуна суу кирип, 11 чакырым ички чарбалык жолду кум-шагылга толтурган. Портер үлгүсүндөгү 1 унааны сел кетүүчү сайдын ичинде турган жеринен агызып кеткен. Унаанын ичинде адам болгон эмес.

Кара-Суу айылында сел суулары 30 турак үйдүн короосуна кирип, 1 бала бакчанын ашканасына жана кампасына сел суусу кирген. Жол каттамы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG