Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ирак күчтөрү Мосулдун четиндеги жерлерди көзөмөлүнө алды


Ирак күчтөрү 12-июлда Мосул шаарына жакын жердеги айылды көзөмөлүнө алышып, Тигр дарыясын бойлогон жогору тараптагы аскерлер байланышты камсыздады.

Ирактын коргоо министри Халид ал-Обейди ээленген аймактар Мосулду кайтарып алуунун алдында шаарды курчоону бекемдей турганын билдирди.

Ал-Кайяра аба базасынан кийин жайгашкан Ажхала айылын көзөмөлгө алуу "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларынын жолун бууйт. Ал-Кайяра аба базасын Ирак күчтөрү 10-июлда көзөмөлүнө алган. 11-июлда Иракка келген АКШнын коргоо министри Эш Картер аба базасы Мосулду кайра алууда таяныч болорун билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG