Жалал-Абадда Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын бир топ энелери эки-үч жылдан бери “Баатыр эне” орденин ала албай жатканын айтып чыгышты. 9 баланын энеси, 60 жаштагы Парикан Сасыкбаева 2013-жылдан бери документ тапшырып, бирок жыл сайын анын баарын артка кайтарып жатышканын айтат. Ал эми 81 жаштагы Самарка Кадырматова да ушул жашка чейин “Баатыр эне” наамына жетпей жатканын билдирди.
Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Нурия Дыйканбаева облустук комиссия документтерди тыкыр текшерип жаткандыктан "кээ бирлеринен ката чыкса, кайра кайтарып жатышканын" айтты.
Район боюнча 1200гө чукул көп балалуу эне болсо, быйыл алардын катары 200 жаңы наам алган энелер менен толукталды.
Жыл сайын президенттин жарлыгы менен 9 баладан көп төрөгөн энелерге “Баатыр эне” ордени тапшырылып турат. Аларга медициналык жактан жеңилдиктер жана ай сайын 1 миң сомдон пенсия каралган. (RsK)