Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

Абакта отурган крымдык режиссердун туулган күнү акция менен белгиленет


Олег Сенцов
Олег Сенцов

2014-жылы Крым бийлиги тарабынан терроризм боюнча айыпталган Олег Сенцов туулган күнүн үч жылдан бери абакта өткөрүүдө. 40 жаштагы Сенцов ага коюлган айыптарды төгүнгө чыгарып, "Крымды басып алгандар тарабынан адилетсиз 20 жылга кесилгенин" билдирген.

Украинада Сенцовдун туулган күнү Киевдеги Эгемендүүлүк аянтында акция менен белгиленет. Аны “Тилектештик комитети” жана “Евромайдан SOS” демилге топтору уюштурууда. Бул иш-чара Олег Сенцов жана аны менен кошо он жылга эркинен ажыратылган Александр Кольченко унутулбаганын, аларды бошотуу үчүн күрөш жүрөрүн эскертүү максатын көздөйт.

Сенцов жана Кольченко Орусияда тыюу салынган “Оң сектордун” мүчөсү жана теракттарды жасоону көздөгөн деген айып коюлган. Алар айыптарды четке кагып келишет. Бир катар алдыңкы укук коргоо уюмдары Сенцов жана Кольченкону саясий туткун деп тааныган. (AiT)

XS
SM
MD
LG