Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Бишкек мэриясы кызуу талкууга түшкөн жарнактар алынбай турганын билдирди


Бишкектин ар кайсы жерлерине "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген жазуу менен илинген жарнактар алынбайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыка" Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтуусунда, жарнактар зомбулукка, бөлүп-жаруучулукка үндөбөгөндүктөн, аларды алууга негиз жок. Акциянын демилгечилери тууралуу Алмамбетова буларды айтты:

- Бул агартуучулук фонд. Анын жетекчиси беш маал намаз окуурун айтты. "Мен мусулманмын, бирок мен кыргызмын, патриотмун. Көз карашым ушундай" деди ал. Эмне үчүн алышыбыз керек?

Кечээ Бишкектин 10 чакты жеринде "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген көрнөктөр илинди. Анда баш жагында кыргыздын улуттук кийимин кийген кыз-келиндердин, андан кийин бетин ак менен чүмкөгөн, ал эми соңунда таптакыр капкара болуп чүмкөнгөндөрдүн сүрөтү тартылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG