Кыргызстандагы туризм жана Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чагылдырылган видеоролик тартылып бүткөнүн Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жакында жарнама Евроньюс телеканалына берилет. Аталган канал менен эки жарым ай бою бир күндө 3-4 жолу кайталап көрсөтүү боюнча келишим түзүлдү.
Бийликке өлкөнүн туризм тармагын эл аралык коомчулукка даңазалоо, жарнама иштери чабал деген сындар айтылып жүрөт. Дүйнөлүк белгилүү Евроньюс каналынан Борбор Азиядагы башка мамлекеттер тууралуу жарнамалык роликтер кетип турат. Кыргызстан тууралуу жарнама мурунку бийлик тушунда бир жолу көрсөтүлгөнү белгилүү. (NT)