Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Тонолгон туристтерге акчалай жардам тапшырылды


Ысык-Көл, туристтик сезон.
Ысык-Көл, туристтик сезон.

Бишкек-Балыкчы каттамында тонолгон Дмитрий Ребровдун үй-бүлөсүнө акчалай жардамды 13-июлда "Азаттык" радиосунун кызматкерлери тапшырды. Ысык-Көлдөгү эс алуусу соңуна чыгып, жакынкы күндөрү Орусияга сапар тартканы турган туристтер Кыргызстандын эли жана өлкө тууралуу жакшы сезимде калганын айтышып, ыраазылык билдиришти.

4-июлда Токмок шаарына кире бериште Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлгө санаторийге майып баласын дарылоо максатында бараткан Дмитрий Ребровду өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар токтотуп, тоноп кетишкен. Жабырлануучу белгисиз адамдар 100 евро, 20 миң рубль жана 45 миң сомун шылуундук менен алып кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Тоногон топ 8-июлда кармалып, Ички иштер министрлиги алар мурда милицияда иштегенин маалымдаган. 41 жана 47 жаштагы эки адамдын бири алты жыл мурун да чет элдиктерди карактоо фактысына аралашканы үчүн иштен айдалса, экинчиси жол-транспорттук кылмышка тиешеси бардыгы үчүн ишинен кеткени белгилүү болду.

Окуядан кийин “Азаттык” радиосу 1000 доллардай акчасын тоноткон орусиялык туристти колдоо жана кыргызстандыктар меймандос жана боорукер экенин көрсөтүп, туризмди даңазалоо максатында #Меймандос деп аталган акция баштаган. Ага катышкандар туристтин жоготкон акчасын топтоп беришти. Жыйынтыгында 25 миң 600 сом топтолду. (NT)

XS
SM
MD
LG