Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу премьер-министрдин дарегине арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка караганда, эки аким кечээ өткөн облустук жыйында отставкага кетерин жарыялашкан.
Жыйында өкмөттүн аймактагы өкүлү Аскат Акибаев экөөнүн тең ишмердүүлүгүн катуу сынга алган. Алар көзөмөлдөгөн райондордогу коомдук тартип начар экени, берилген тапшырмалар аткарылбай жатканы айтылган. (NT)