Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Атамбаев канцлер Меркел менен кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулоодо


Ушу тапта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуусу өтүүдө.

Атамбаев Кыргызстан бул сапарга өзгөчө маани берерин, немис канцлери өлкөгө алгачкы жолу келип жатканын айтты.

Меркел Германия Кыргызстан менен билим берүү, демократияны өнүктүрүү багытында кызматташып, жардамын берип келатканын жана мындан ары да эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө, колдоо көрсөтүүгө салымын кошо берерин белгиледи.

Меркел расмий сапар менен Бишкекке кечээ кечинде келди. (UEz)

XS
SM
MD
LG