Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Абактардын техникалык абалы талкууланууда


Кыргызстандагы абактардын имараттарынын техникалык абалын жана инженердик кызматтарын жакшыртуу каралууда. Бул маселени талкуулаган жыйын Кызыл чырым уюмунун демилгеси менен Ысык-Көлдө өтүп жатат.

Ага Жаза аткаруу кызматынын тутумундагы түрмө, тергөө изоляторлорунун 20 кызматкери катышууда.

Кыргызстанда абактардын дээрлик баары Союз убагында курулгандыктан имараттардын эскилиги жеткен.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен былтыртан тарта Чүйдө өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер үчүн өзүнчө абак курулууда, анын биринчи корпусу пайдаланууга берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG