Ысык-Көлдүн түбүндөгү тазалык жалпысынан өтө начар абалда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун жетекчиси Анвар Шамсутдинов билдирди.
Жалаң ыктыярчылардан турган бул уюм эки жылдан бери көлдүн тазалыгын изилдеп, түбүндөгү абалды видео жана фотого түшүрүп келатат.
Кечээ интернетте көлдүн түбүндө жаткан акыр-чикир тартылган видео тараган. "Таза Ысык-Көл" уюму тарткан тасманын башында бул "Акун" жана "Күнөстүү жээк" пансионаттарынын жанындагы жер деп жазылган.
Бирок Шамсутдинов бул видеодогу аянычтуу көрүнүш аталган пансионаттардын гана айынан келип чыкканы тууралуу далили жок экенин айтууда. Мамлекеттик экотехинспекция да бул пансионаттар көлдүн суусун булгап жатат деген маалыматты бүгүн четке какты.
Шамсутдиновдун белгилешинче, көлдөгү жалпы тазалык өтө начар абалда жана буга пансионаттар менен катар, биринчи кезект, эс алуучулар күнөөлүү. (BkA/RK)