Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Порошенко Азербайжанга расмий сапар менен барды


Украинанын президенти Петро Порошенко жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев.
Украинанын президенти Петро Порошенко жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Украинанын президенти Петро Порошенко 14-июлда Бакуда жолугушту.

Бул Порошенконун 2014-жылы президентикке келгени Азербайжанга жасаган биринчи сапары. Эки лидер бир катар саясат, экономика, энергетика жана транспорт тармактарына байланыштуу келишимдерге кол коюшат.

Эки күндүк сапардын алкагында президенттер төрагалык кылган Украина жана Азербайжан президенттер кеңешинин бешинчи жыйыны өтөт. Андан тышкары программада Порошенконун өлкөнүн премьер-министри жана парламенттин спикери менен жолугушуусу каралган.

Украин президенти Азербайжандагы украин коомчулугунун өкүлдөрү менен да жолугары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG