Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Крымга жабдык жеткиргени үчүн “Росатомго” санкция киргизилиши мүмкүн


«Росатомдун» башчысы Сергей Кириенко
«Росатомдун» башчысы Сергей Кириенко

Орусиянын Атом энергетикасы боюнча мамлекеттик корпорациясы (“Росатом”) Крымда курулуп жаткан жылуулук электростанциялары үчүн жабдык жеткиргенин моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн орусиялык “Коммерсант” гезити жазды.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь жана Симферополдогу электростанцияларга жабдык жетригени корпорциянын 2015-жыл үчүн жарыяланган отчетунда жазылган.

Крымды Орусия аннексиялап алган соң АКШ менен Евробиримдик жарым аралда иш жүргүзгөн бир катар компанияларга санкция киргизген.

Андан тышкары Крымга транспорт, телекоммуникация жана энергетика багытындагы товарлар менен технологияларды экспорттоого тыюу салынган.

АКШ жана Европанын соода базарларында жигердүү иш алып барган “Росатом” буга чейин санкцияларга кабылган эмес.

XS
SM
MD
LG