Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Обама: полиция менен коом ортосундагы ажырымды жок кылуу абзел


АКШ президенти Барак Обама жана Далластагы полиция бөлүмүнүн башчысы Дэвид Браун.
АКШ президенти Барак Обама жана Далластагы полиция бөлүмүнүн башчысы Дэвид Браун.

Коомчулук менен полиция ортосунда пайда болгон жараканы жок кылуу үчүн эки тараптын ортосунда көпүрө түзүү зарыл. Мындай пикирин АКШ президенти Барак Обама 14-июлда билдирди. Президенттин ырасташынча, Кошмо Штаттар бул көйгөйдү чечүүгө азырынча жакындай элек.

“Биз баарыбыз биргелешип элдин ишенимин кантип кайтаруу керектигин ойлонушубуз абзел. Тергөө таза жүргүзүлүп, адилеттүүлүк жеңип чыгарына ишенишибиз керек", -деп билдирди президент Обама 14-июлда Вашингтондо активисттер, саясатычлар жана коопсуздук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда.

АКШнын Миннесота жана Луизиана штаттарында полиция огунан афроамерикалыктар набыт болгонуна байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Дал ушундай акциялардын биринде Далластагы көзгө атарлардын бири беш полицияны жок кылып, жетөөн жарадар кылган. Ал муну афроамерикалыктар үчүн полициядан өч алуу катары түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG