Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:12

Керри Москвада Путин менен жолугат


АКШнын мамкатчысы Жон Керри.
АКШнын мамкатчысы Жон Керри.

Кошмо Штаттардын мамкатчысы Жон Керри бейшембиде Москвага келип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Reuters агенттиги жазгандай, Керри орус тарапка “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүү боюнча аскерий кызматташуу сунуштайт. Бул Москва менен Дамаск Сириядагы режимдин алмашуусуна алып келген саясий процессти бирге баштаганда гана ишке ашышы ыктымал.

Ошондой эле эки тарап Украинадагы кризисти чечүүнүн жолдорун да талкуулашат.

Шаршембиде Washington Post гезити АКШ Москвага Сириядагы аба-аскерий кампаниясын координациялаган биргелешкен штаб түзүүнү сунуштарын жазган. Ал жакта америкалык жана орусиялык офицерлер, чалгын кызматынын өкүлдөрү жана эксперттер иштешет.

Керринин Москвага болгон сапары 7-июлда АКШнын президенти Барак Обама менен Путиндин телефондук сүйлөшүүсүндө белгиленген.

XS
SM
MD
LG