Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Кыргызстандык доктурлар Түркиянын педиатрия кызматынын иши менен таанышууда


Кыргызстандык дарыгерлер Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан медициналык турда Liv ооруканасынын башкы неанатологу менен жолугуп, ара төрөлгөн балдарды кайра жандандыруу бөлүмү менен таанышты.

Ара төрөлгөн балдарды дарылоодо Европа биримдигинин стандарттарына жооп бергидей шарттар түзүлгөнүн бөлүм башчы Нермин Тансуг билдирди.

Азыркы тапта Түркияда ымыркайлардын өлүмү өтө сейрек кездешерин белгилеп ал 750 грамм болуп төрөлгөн ымыркайларды кантип багышарын көрсөттү.

Бул медициналык турду Түркиядагы "Глобус саякат" компаниясы, Кыргызстандан "Кербен трэвл" фирмасы уюштуруп жатат. Ага жер-жерлерден 18 дарыгер катышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG