Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан жетимиштен ашуун адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдаган. Курман болгондордон тышкары, дагы көп адамдар жарат алышкан.
Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон.“Ассошиейтед пресс” агенттиги тараткан кабарга ылайык, айдоочу топтолгон адамдардын үстүнө машинени айдагандан соң туш келди ок аткан.
Шаар мэри Кристиан Эстроси тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.
Автоунаанын ээси тартип сакчылары аткан октон өлдү. Полиция унаада куралдар болгонун аныктады.