Тарых жана маданият жылына карата эл аралык "Евразия диалогу" коомдук фонду "Себат" билим берүү мекемеси менен биргеликте Европага сапарын баштады. Анын катышуучулары 11 күн ичинде Швейцария, Италия, Франция, Бельгия, Люксембург, Нидерланды жана Германияны кыдырып чыгышат. Бул мамлекеттерде кыргыз маданияты тууралуу маалымат берилип, маданий жана расмий иш-чаралар уюштурулат.
Кербендин курамына окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана маданий ишмерлерден турган 36 адам кирет. Анын максаты – улуттар жана өлкөлөр арасында диалог түзүү, кыргыз жаштарын жана алардын ата-энелерин Европанын университеттеринде сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга багытталган. (NT)