Бишкектин Октябрь райондук соту 15-июлда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайын териштирүүгө киришет. Бул тууралуу кырсыкта баласын жоготкон Шайлообүбү Кенжекараева “Азаттыкка” билдирди. Алгач 4-июлга белгиленген жараян жабыркаган тараптын толук келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө которулган.
Быйыл 15-апрелде Шабдан баатыр көчөсүндө КамАЗ автоунаасы Хонда Фит үлгүсүндөгү машинени басып калып, эки адам бейажал өлүм тапты, дагы бир жаран майып болуп калды. Каза болгондор - жеңил автоунаанын айдоочусу, 40 жаштагы Чынара Уразбекова, экинчиси 24 жаштагы Адилет Ырысбай уулу.
Маркумдардын туугандары бул окуя үчүн жолду оңдоп жаткан “Мост-Групп” менчик ишканасы менен КамАЗдын айдоочусун айыптап, алар тиешелүү жазасын алышы керектигин айтып жатышат. Ал кезде Шабдан баатыр көчөсүнүн Беш-Күңгөй айылынан Бишкекке кетчү тарабында жол оңдолуп жаткан. Жолдун бир жагы гана ачылып, экинчи тарабы бетон тосмолор менен тосулган.
Бирок, жол оңдогон ишкана талапка ылайык белгилерди койбогонун жабырлануучулар билдиришүүдө. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, КамАЗдын айдоочусу түндө бетонду көрбөй сүзүп, маңдайында келаткан жеңил автоунааны басып калган. Айдоочу азыр камакта. Жабыркагандар жол оңдогон ишкана жазадан кутулууга аракеттенип, бардык айыпты айдоочуга оодарып жатканына нааразы болушууда. (NT)