Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Тверде кылмышка шектүү түркмөнстандык кыргыз паспорту менен кармалды


Орусиянын Тверь шаарында оор кылмышка шектелген түркмөнстандык Режеп Жаббаров аттуу адам кармалган. Аны тинтүүдө жанынан Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандык паспорттору жана айдоочулук күбөлүк табылган. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазышты.

Ал кабарларга ылайык, Жаббаров бир нече оор кылмышка шектелип, Түркмөнстан тарабынан эл аралык издөө салынган. Жаббаров “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен байланышы бар деп шектелүүдө. Кармалган жаран учурда бир айга камакка алынды.

Кылмышка шектүүнүн жанынан табылган кыргыз паспорттору боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары комментарий бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG