Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө аймагындагы 3685 адам ажылыкка баруу үчүн каттоодон өткөн. Аларды эмдөө үчүн керектүү дары-дармектер жетиштүү. Эмдөө жараяны 30-июлда аяктайт.
Зыяратчылардын бири тобу 16-августта Бишкектен, 20-августта Оштон сапарга чыгышат.
Ажылыктын быйылкы чыгымдары 2,6 миң доллар деп аныкталган.(BkA)