Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Азамат Абдыбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министрдин буйругуна ылайык, Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары болуп Бекболот Алиев дайындалды.
Алиев буга чейин Финансы министрлигинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.(BkA)