Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

“Кыргызкөмүр” ишканасынын жамааты жаңы жетекчиге каршы чыкты


Мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасынын жамааты директордун милдетин аткаруучу Талант Бокешовдун дайындалышына каршы чыкты.

Бул тууралуу бүгүн Бишкекте уюштурулган маалымат жыйынында билдиришти. Алар директордун милдетин аткаруу тапшырылган Бокешов келери менен бир катар кызматкерлерди кызматтан кетирип, айрымдарына басым жасап жатканын айтышты. Мындан улам өкмөткө кайрылып, жаңы жетекчиге чара көрүүнү суранышты.

Мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасындагы мыйзамсыз иштер боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда депутат Мээрбек Мискенбаев ишкананын мурдагы жетекчилиги коррупциялык иштерге аралашканын билдирген. Бирок бошотулган жетекчилик Мискенбаевдин өзүн күнөөлөп келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG