Бул тууралуу Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жаянт Кхобрагаде менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы илимий жааттагы кызматташтык маселелери талкууланды. Анын жүрүшүндө Индия элчиси Кыргызстандын аймагында табылган буддисттик эстеликтерди реставрациялоого көмөктөшүүгө даярдыгын билдирген.
Ошондой эле Индия Бишкектеги Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгүн артыруу жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын айткан.
Буга чейин Кыргызстанда буддисттик эстеликтер Ысык-Көл, Чүй облустарынын аймагында табылган эле.(BkA)