Ирактын аскердик күчтөрү "Ислам мамлекети" аталган экстремисттик топту жеңгенин Багдад шаарында 14-июлда парад менен майрамдады.
Майрамга Ирактын "ИМ" тобунан Фаллужаны кайтарып алганы жана жакынкы убакка пландалган Мосул шаарына чабуулу себеп болду. Учурда Ирактын эң чоң шаарларынын бири Мосул "Ислам мамлекети" терорчул тобунун көзөмөлүндө.
Айрымдар аскердик парадды жеңишке сыймыктануу эмес, элдин арасында коркунуч жаратуу максатында уюштурулганын айтып чыкты. Мурун 15-июлда нааразылык демонстрациялары болору айтылган.
Шииттердин таасирлүү имамы Муктаба ал-Садр Ирак өкмөтүнөн реформаларды ишке ашыруусун талап кылынып, нааразылык акциясына чыгууга чакырык таштаган.