Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Президент Атамбаев Франсуа Олландга көңүл айтты


Ниццадагы калабадан кийин.
Ниццадагы калабадан кийин.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Ницца шаарындагы 80ден ашык адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда президент курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалаганы билдирилген.

Ницца шаарында бейшембинин кечиндеги калабада 84 адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Курман болгондордон тышкары көп адамдар жарадар болушкан.

Тышкы иштер министрлиги Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогун териштирип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG