Кечээ, 14-июлда NBC News маалымат агенттигине берген маегинде Башар Асад Владимир Путинден же Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдон аны кызматтан кетүү же бийликти өткөрүп берүү тууралуу талап коюлбагандыгын билдирди.
- Президент ким болорун, ал качан келип, качан кетерин бир гана Сириянын эли чечет. Алар болсо бул тууралуу сөз ката элек, - деди Асад.
Перс булуңундагы өлкөлөр АКШ жана анын батыштагы өнөктөштөрү согуш учурунда же андан кийин Асаддын бийликте калуусун каалашпайт.
Жон Керри Москвада Путин менен сүйлөшүүдө Вашингтон "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө Орусия менен биргелешип аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирип, Сирияда узакка созулган согушту токтотуп, Асадды бийликти өткөрүп берүүгө макулдатуу өтүнүчү айтылганы кабарланууда.