Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Казакстанда кооптуулуктун "сары" даражасы дагы 30 күнгө узартылды


Куралдуу чабуул жасалган аскердик бөлүм. Казакстан, Актөбө.
Куралдуу чабуул жасалган аскердик бөлүм. Казакстан, Актөбө.

Казакстандын Актөбө шаарындагы чабуулдардан кийин жарыяланган террордук кооптуулуктун "сары" даражасы дагы 30 күнгө узартылганын өлкөнүн терроризмге каршы борбору бүгүн жарыя кылды.

Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тараткан маалыматта мындай чечимди КНБнын төрагасы президенттин буйругуна ылайык кабыл алгандыгы айтылат.

Актөбөдө ушул жылдын 5-июнунда террорчул топ уюштурган чабуул учурунда 7 киши каза тапкан. Кооптуулуктун "сары" даражасы кийинки күндөн баштап күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG