Ишембиге караган түнү Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында аскерий төңкөрүш аракетинен Анкарадагы кагылышууларда 17 полиция кызматкери набыт болду. Жергиликтүү НТВ каналынын билдиришинче Түркиянын парламентинде бир жардыруу болду. “Рейтерс” агенттиги эки жардыруу болгонун кабарлады.
Өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым Түркия баардык каттамдар үчүн өз аба мейкиндигин жапканын жарыялады. Мурдараак өлкөдөгү баардык аэропорттор жабылып, ички жана тышкы каттамдар токтотулганы маалымдалган эле.
Аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Бул жарыядан үч саат өтпөй Түркиянын Ички чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калганын жарыялады.
Ушул тапта Стамбулдун жана Анкаранын көчөлөрүндө атышуулар токтобой, айрым жерлерде жардыруулар болуп жатканы айтылууда.
Ал тапта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мурдараак СНН каналына маегинде: “Ардактуу журналист досторум, бүгүн куралчан топтор биздин өлкөнүн биримдигине каршы чыгышты. Алар төңкөрүш уюштурабыз деп баарына ыңгайсыздык жаратышты, бул биздин улуттук эркибизге каршы жасалган көтөрүлүш. Бул үчүн ким жооптууболсо да ал биздин мыйзамдарга ылайык өз жазасын алат. Алар муну билиш керек. Бул өлкөдө улуттук эрктен башка күч жок. Өлкөнүн президенти катары көчөгө мени колдоп бир гана менин партиямдын мүчөлөрү чыккан жок. Өлкөнүн эли да алардын жазаланышын каалайт. Биздин 45 миллион шайлоочубуз гана бул өлкөнү башкара алат. Биз алардан коркпойбуз” деди.
АКШнын президенти Барак Обама Түркиянын бардык коопсуздук күчтөрү демократиялык жол менен тандалган бийликти колдош керек деп эсептейт. Бул тууралуу АКШ администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон бул окуя боюнча тынчсыздануу билдирип, министрлик Түркиядагы британ жарандарын эл көп чогулган жерге чыкпоого чакырды.
Улуттар Уюмунун маалымат катчысы Фархан Хан БУУ жеринде кырдаал менен таанышып жатканын айтып, тараптардын баарын тынчтанууга чакырды.
НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсеси Түркиядагы кырдаалга көз салып жатканын айтып, так бир комментарий берүүдөн азырынча баш тартты.
Түркия республикасынын тарыхында аскерий төңкөрүшаракеттери бир нече жолу катталган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү аскерий жетекчилеринин катышуусу менен 1960-жылы, 1980-жылдары бийлик алмашкан. Ал эми 1971-жылы жана 1997-жылы мындай аракеттер өкмөттү отставкага мажбурлаган. Бирок акыркы жылдары аскерий жетекчилердин таасири азайып бараткан. 2007-жылы аскерий төңкөрүш жасоого камынган деген шек менен бир нече аскер кызматкерине иш козголуп, алар камакка алынган. (EzK)