Ушул сааттан баштап көтөрүлүш жасоого аракеттенгендердин "максаты жок кылынат" деп билдирди Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым. Бул тууралуу жергиликтүү NTV телеканалы кабарлады.
"Жерден да, абадан да жооп катары ок чыгарылат" деди ал.
Өкмөт башчынын айтымында, Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги учурда өз ордунда жана өз милдетин аткарууда.
Ишембиге караган түнү Түркияда аскер жетекчилеринин мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети ишке ашкан жок. Соңку маалыматтарга караганда, 17 полициячы набыт болду. (RK)