Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Дөлөн" спорт комплексинин базасында спорт журналисттери арасында республикалык мелдеш өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 50гө жакын спорт темасын чагылдырган журналист катышууда.
15-июлда башталган мелдештер 3 күнгө созулуп журналисттер спорттун аркан тартыш, сууда сүзүү, тогуз коргоол жана кичи футбол түрлөрү боюнча таймашышат.
Саамалыкты өткөрүүгө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 412 миң сом бөлгөн. Бул мелдештер 2-июлда белгиленген спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө арналууда. (ECh)