Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ниццадагы кол салуу үчүн “ИМ” тобу жоопкерчилик алды


Ницца, Франция
Ницца, Франция

“Ислам мамлекети” радикал тобуна байланышы бар жаңылыктар кызматы социалдык медиа аркылуу тараткан билдирүүдө Ниццадагы кол салууну алардын “жоокери” ишке ашырганы айтылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, чабуул алардын ИМ тобуна каршы күрөшүп жаткан коалициядагы өлкөлөрдү бутага алуу чакырыгына жооп болду.

14-июль күнү кечинде Франциянын курорттук Ницца шаарында жүк тарткан унаанын майрамдык салтанатта жүргөн адамдарды жапырт сүзүүсүнөн 84 киши өлүп, 200ү жаракат алган.

Унаанын айдоочусун француз бийликтери Францияда жашаган, 31 жаштагы тунисттик Мохаммед Булел деп аташты. Ал окуя учурунда полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.

16-июлда полиция кол салууга байланыштуу беш адамды, анын ичинде Булелдин мурдагы аялын да кармаганын билдирди. Булелдин атасы болсо француз телесине баласы динге берилбегенин, мечитке барбаганын айткан.

Франция азыр Ниццадагы теракттын курмандыктары үчүн үч күндүк аза күтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG