Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Түркияда төңкөрүш аракетине шектүү 2800 адам кармалды


Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген шек менен 2800 адам кармалды. Бул тууралуу премьер-министр Биналы Йылдырым билдирди.

Өлгөндөрдүн жалпы саны 160тан ашты. Жараат алгандар 1440 адам.

Буга чейин бийлик окуяда 194 адам набыт болгонун, алардын 104ү козголоңчулар, 41 полиция кызматкери, 2 аскер жана 47 жай тургун экенин айткан.

Бийликтегилердин айтуусунда, кырдаал толугу бойдон көзөмөлдө, кармоолор, камоолор дагы эле уланууда.

Өткөн түнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракети болуп, ишке ашкан жок.(RK)

XS
SM
MD
LG