Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана анын адамдары бул төңкөрүш аракетинин артында турган күч катары, бир нече жылдан бери АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендү күнөөлөп жатышат.
Бүгүн Түркияда Гүлендин тарапташтарынын көбү камакка алынганы белгилүү болду.
Жашы 75ке келип калган, Түркия армиясында, өкмөттө бир топ колдоочулары бар деп саналган Гүлен өз билдирүүсүндө бул айыптарды кескин түрдө четке какты. Ал өзү акыркы 50 жылдагы бир нече аскерий төңкөрүштөн жабыр тарткан тарткан киши экенин белгиледи. (UE)