Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Эл акыны Сүйүнбай Эралиев дүйнө салды


Президент Алмазбек Атамбаев Эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен. 7-май, 2016-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен. 7-май, 2016-жыл

Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев бүгүн, 16-июлда 95 жашында акка моюн сунду.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган.

Акындын ырлары 1939-жылдан тарта жарыялана баштаган. Алгачкы жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында пайдаланган.

Ал кыргыз окурмандары үчүн орус адабиятынын классиктери Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Александр Твардовскийдин чыгармаларын которгон.

Акын көп жыл гезит-журналдарда, жазуучулар союзунда иштеген.

1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары 1985-жылы биринчи даражадагы орден менен сыйланган.

2000-жылы элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын “Алтын көпир” эл аралык сыйлыгына татыган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Акындын “Ак мөөр” лирикалык поэмасы эл арасында белгилүү.

Кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн. (ST)

XS
SM
MD
LG