Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев менен коштошуу зыйнаты эртең, 18-июлда Кыргыз академиялык драма театрында өтөт. Митинг-реквием саат 10:00дө башталат.
Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Сүйүнбай Эралиев кечээ, 16-июлда 95 жашында дүйнө салды.
Ал 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Акындын ырлары 1939-жылдан тарта жарыялана баштаган. Алгачкы жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында пайдаланган.
Ал кыргыз окурмандары үчүн орус адабиятынын классиктери Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Александр Твардовскийдин чыгармаларын которгон.
Акын көп жыл гезит-журналдарда, жазуучулар союзунда иштеген.
1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. 2000-жылы элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын “Алтын көпир” эл аралык сыйлыгына татыган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Акындын “Ак мөөр” лирикалык поэмасы эл арасында белгилүү.
Кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде төрт китеби жарык көргөн. (ZA)