Күндөн кубат алган учактын дүйнөлүк саякаты акыркы этабына келгенде убактылуу токтотулду. Буга учкучтардын бири Бертран Пикардын ден соолугу начарлаганы себеп болду.
"Менин ашказаным ооруп, уча албай жатам. Мындай абалым менен 48 саат бою учуу кыйын болуп калат. Кечиргиле" деп жазды ал өзүнүн Twitter баракчасына.
Учак 13-июлда Испаниядан Египетке конгон. Саякат Бириккен Араб Эмирликтеринде жыйынтыкталат.
Швейцариялык учкучтар Бертран Пикар жана Андре Боршберг учакты кезектешип башкарат. Сапар 2015-жылы Абу-Даби шаарында башталган жана ушул шаарга кайтып келиши керек.
Учактын канатына 17 миң күн батареясы орнотулган. Ал эми канаты Боинг 747 лайнериникиндей. (RK)