Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Кыргызстанда энелер жана балдардын өлүмү азаюуда


Иллюстрация

Кыргызстанда энелердин жана балдардын өлүмү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинде өткөн коллегия жыйынында айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстан ооруларды азайтуу жагынан жакшы жылыштар байкалып жаткан 15 өлкөнүн катарына кирди.

Быйыл биринчи жарым жылдыкта төрөт маалындагы эне өлүмү боюнча көрсөткүч былтыркыга салыштырганда 9% кыскарды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG