Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Түркиядагы Инжирлик авиабазасынын командири кармалды


Инжирлик авиабазасы. Түркия, январь, 2016.
Инжирлик авиабазасы. Түркия, январь, 2016.

Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Инжирлик авиабазасынын командири генерал Бекир Эркан Ван кармалды. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнүн өкүлчүлү кабарлады.

Инжирлик авиабазасын Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен күрөшүүдө АКШ жана башка терроризмге каршы коалициянын өнөктөш өлкөлөрү колдонуп келет.

Түркиянын бийлиги учурда аскердик гарнизондордо рейд жүргүзүп, ишке ашпай калган төңкөрүштүн жактоочуларын камакка алып жатат. Түркиялык NTV телеканалынын маалыматана караганда, ушуга чейин ар кайсы аскердик түзүмдөрдүн 34 генералы кармалды.

Ушул тапта ишке ашпай калган төңкөрүшкө тиешеси бар делген алты миң адам кармалгандыгы айтылууда. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, тазалоо операциясы уланууда.

Жума күнү каза болгондорду жерге берүү зыйнатында сөз сүйлөп жатып, Эрдоган "Гүлен баштаган "террорчул топтун" төңкөрүш жасоо аракети улуттук эрктин күчү менен ишке ашпай калгандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG