Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Асаддын аскерлери Алеппого кирген акыркы жолду бууду


Алепподо кишилер нан алуу үчүн катарда турушат. Алеппо, Сирия. 14-июль, 2016.
Алепподо кишилер нан алуу үчүн катарда турушат. Алеппо, Сирия. 14-июль, 2016.

Сирия өкмөтүнүн аскерлери согушчандардын курчоосунда калган Алеппо шаарына кирген жолду буушту. Бул тууралуу байкоочу уюмдардын өкүлдөрү билдирди.

Британиядагы адам укуктары боюнча сириялык обсерваториянын маалымдашынча, өкмөттүк күч түзүмдөр жана алардын өнөктөштөрү Кастелло жолун 17-июлда өз көзөмөлүнө алышкан. "Бул Алепподогу гуманитардык кризисти күчөтөт", - дейт уюмдун билдирүүсүндө.

"Чыгыш кварталдар азыр толугу менен курчоого алынды" - деп билдирди обсерваториянын байкоочу кеңешинин жетекчиси Рами Абдел Рахман. Анын айтымында, учурда оппозициянын көзөмөлүндө турган Алеппонун аймактары толугу менен курчоого алынган жана кагылышуулар уланууда.

XS
SM
MD
LG