Түркиялык маалымат каражаттары Путин менен Эрдоган ушул жылдын август айында жолуга турганын кабарлашты. Былтыр ноябрь айында түрк тарап орусиялык аскердик учакты атып түшүргөндөн бери бул алгачкы жолугушуу болмокчу.
Анадолу маалымат агенттиги президенттик булактарга таянып, жолугушуу август айынын биринчи жумасында өтөрүн айтты.
17-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Эрдоганга телефон чалып, ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинде кесиптешин колдорун билдиргендиги тууралуу Анкара менен Москва маалымдаган.
Эрдогандын маалымат булактары Путин "Москва Түркиянын шайланган өкмөтү тарабында" деп айтканын билдиришүүдө.
Орусия менен Түркиянын солгундай түшкөн мамилелери Эрдоган Путинге кат жолдоп, анда атып өлтүрүлгөн учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айткандан кийин жылый баштаган.