Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Улут баскан улуу жол

Караколдо 16-июль түнү «Улут баскан улуу жол» деген аталыш менен алгачкы түнкү этнофестиваль өттү. Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган бул иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасынын көп түрдүүлүгүн, жеринин кооздугун, элинин биримдигин даңазалоо максатын көздөдү.

Облустун ар бир районунан келген, ар улуттун өкүлү болгон өнөрпоздор өз өнөрүн көрсөтүп, китеп көргөзмөсү, концерт уюштурулуп, даректүү, көркөм тасмалар көрсөтүлдү.

Андан тышкары калпак фестивалы уюштурулуп, калпактын жана элечектин түрлөрү, аларды туура кийип жүрүүнүн жол-жобосун көрсөткөн мастер-класстар да өткөрүлдү.

Аталган маданий иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Каракол шаарынын мэриясы жана Маданият министрлиги менен бирге уюштурду.

16x9 Image

Асеин Маданбеков

"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG