Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Кыргыз академиялык драма театрында өттү. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Коштошуу зыйнатына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов катышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу чыгымдарынын баарын президент Алмазбек Атамбаев көтөргөнүн акынды акыркы сапарга узатууну уюштуруу комитети билдирди.
Акын жана котормочу Сүйүнбай Эралиев2016-жылдын 16-июлунда 95 жашында дүйнө салды. Ал 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган.1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. Кыргыз Республикасынын баатыры.