Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Кыргыз-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Алматы, 18-июль, 2016-жыл.
Алматы, 18-июль, 2016-жыл.

Алматы шаарында киши өмүрүн алган окуяга байланыштуу кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына кошумча аскер күчтөрү жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.

Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматы шаарындагы атышууга байланыштуу террор коркунучунун “кызыл чегин” жарыялаган. Коопсуздуктун бийик деңгээли жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат 12:20да киргизилди. Министрлик шаар тургундарына коопсуздук эрежелерди сактоону эскертти.

Бүгүн Алматы шаарындагы Алмалы райондук Ички иштер бөлүмүндө жана Улуттук коопсуздук кызматынын шаардык башкармалыгынын жанында ок атышуу болгонун жергиликтүү маалымат булактары кабарлашкан. Күбөлөр шаардын түрдүү аймактарында ок атылганын айтышууда.

Интернет-сайттар алгач райондук полиция бөлүмүнүн кире беришинде турган тартип сакчысына белгисиз киши ок атканын, андан кийин абал курчуп кеткенин жазышты.

“Интерфакс-Казакстан” агенттиги күч кызматына кол салгандар бир канча киши болгонун, каза тапкандар бар экенин, бейткапканага оор жараат менен бери дегенде беш адам түшкөнүн кабарлады. Ички иштер министрлиги курмандыктар бар экенин бышыктады, бирок алардын так саны айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG