Эки жыл мурун Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 рейсинде курман болгон жүргүнчүлөрдүн жакындарына Malaysia Airlines авиакомпаниясы кенемте төлөп берет. Бул кабарды голландиялык NOS телеканалы билдирди.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргогон жактоочу келишим макулдашылды деп билдирди NOS телеканалы. Бирок келишимдин чоо-жайы ачык айтылбайт.
Эл аралык укук боюнча учактын кулоосуна кандай себеп болбосун, Malaysia Airlines курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 130 миң еврого чейин кенемте төлөп берүүгө милдеттүү. Ал эми сумманын көлөмү ар бир жүргүнчү үчүн өзүнчө макулдашылат.
Аталган компаниянын "Боинг" учагы 2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан жолдо атып түшүрүлүп, анда бараткандардын баары - 298 киши курман болгон. Алардын көпчүлүгү Нидерланддын тургундары. Голландиялык тергөөчүлөр учак кайсы жерден атылганын, ага кимдер жооптуу экенин аныктап чыгышкан.