Нөшөрлүү жаанга байланыштуу Баткендин Кадамжай районунда катуу сел жүрдү. Маалыматка ылайык, Кадамжай-Кызыл-Булак, Кадамжай-Охна автоунаа жолдорунда ташкын суу жол кыймылын токтотту. Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кадамжай шаарынын тегерегинде, Көтөрмө айыл аймагында сел болуп жатканын район акиминин биринчи орунбасары Жаныбек Маматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал азыр окуя болгон жерде экенин кошумчалады:
- Суунун деңгээли басаңдап, жүк унаалары өтө баштады. Алдын ала маалыматтар боюнча, олуттуу зыяндар болгон жок. Тийиштүү чаралардын баары көрүлөт.
Кадамжай районунда 27-май күнү да катуу сел жүрүп, беш адамдын өмүрүн алган. Бир наристе дайынсыз жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал күнкү кырсыктын зыяны 128 миллион сомдон ашканын билдирген. (SE)