Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Түркияда сегиз миң полициячы жана 30 губернатор иштен алынды


Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын бийлиги сегиз миңдей полиция жана жандармерия кызматкерлерин жумуштан алды. Бул тууралуу "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлаган. Алар аймактык башкармалыктарга чакырылып, куралдарын жана кызматтык күбөлүктөрүн тапшырышкан.

Андан тышкары төңкөрүштү ишке ашыруу аракети үчүн айыпталган 81 провинциянын 30 губернатору жана 47 райондук башкармалыктын жетекчилери жумуштан четтетилген.

Ишембиге караган түнү Түркияда бир нече аскердик түзүмдөр биригип, 290 кишинин өмүрүн алган төңкөрүш жасоо аракетин көрүшкөн.

XS
SM
MD
LG